Кытайда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өлкөдө канча баллга чейин сезилди?

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январь күнү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогундагы күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жер титирөө Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

17-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстандын аскердик контингенти Москвага парадга кетти

admin

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

admin

Комментарий