Кытайда 50 градуска чейин жеткен сууктан канаттуулар өлө баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазды.
«Кытайдын батыш провинциясында Синьцзянда абанын температурасы -52,3 градуска чейин төмөндөп, канаттуулар сууда тирүүлөй тоңо баштаган. Бул температура акыркы 64 жылдык байкоолор боюнча рекорд койду», — деп айтылат маалыматта.