«Кызыңыз кырсыкка учурап, ооруканада жатат». Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти.

15-март күнү Октябрь РИИБге жаран арызы менен кайрылып, анда белгисиз адамдарга карата чара колдонуп берүүсүн суранган. Себеби, 15-январда жабырлануучунун уюлдук телефонуна чалып, өзүн борбор калаадагы ооруканалардын биринин дарыгеримин деп тааныштырып, кызы кырсыкка учурап, ооруканада жатканын, дарыланууга шашылыш түрдө 85 миң сом каражат керек экенин билдиришкен. Андан кийин алар алдын ала сүйлөшүлгөн чабарман аркылуу акча жөнөтүүнү суранышкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Related posts

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

admin

Акча талап кылган. Интернет-шылуундукка шектелип 19 жаштагы бала кармалды

admin

Муфтият Рамазан айындагы фитир-садаканын өлчөмүн бекитти

admin

Комментарий