Америкалык ишкер жана миллиардер Илон Маск украиналык аскерлер акча үчүн согушка жиберилип жаткандыгын, ал эми кармаштын өзү «ири коррупциялык схеманы» адалдоо болуп калганын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
«Ири алдыда биз согуштун алдыңкы чектеринде жүрүп, курман болуп жаткан адамдарга боорубуз ачышы керек… Бул дагы канча жылга уланат? Элестетип көрсөңүз, атаңыздай же уулуңуздай болгон адамдар. Алар эмне үчүн өлүп жатышат? Эки жыл ичинде согуштун чеги алдыга араң жылды», — деген Маск Вашингтондон алыс эмес жерде өтүп жаткан консерваторлордун конференциясында сүйлөп жатканда.
Ал Украинада аскерлер өлүмгө жөнөтүлүп, согуштун өзү баюунун механизмине айлангандыгын белгиледи.
«Бул — мен көргөндөрдүн ичинен өтө коррупциялашып кеткен схема. Чотур болуп, пара катары берилип, чөнтөктө калган акчанын көлөмү болуп көрбөгөндөй… Ал эми бул байкуштар акча үчүн аскерге жөнөтүлүп жатышат. Муну токтотуу керек», — деген Маск.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп администрациясы Россия, Украина менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул согушту бүтүрүү үчүн иштеп жаткандыгын билдирген. Ал өзүн «кан төгүүнү токтото ала турган бирден-бир киши» экендигин айтып, Вашингтондун аталган согушту өмүр бою эле каржылай берүү ниети жоктугун кошумчалаган.