Мектеп убада кылышкан, миллиондорду уурдашкан: УКМК эки шектүүнү кармады

Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору жана курулуш фирмасынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору У.С. жана курулуш фирмасынын башкы директору Х.А.ны кармады.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен кошо мектеп курууга долбоордук наркы  59 млн сом болгон тендер жарыялагандыгы аныкталган. Сынактын жыйынтыгында Д.Л. курулуш компаниясы жеңүүчү деп табылып, келишимдин шарттарына ылайык 2023-жылдын ноябрь айына чейин курулуш иштерин бүтүрүүгө милдеттенген.Бул максаттар үчүн курулуш компаниясы 48 млн сом алып (35,2 млн сом өздөштүрүлгөн) бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштерин бүтүрө элек.

Өз кезегинде У.С. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, подряддык уюмдун директору Х.А. менен сүйлөшүп алып, подряддык уюмдун пайдасына 12,8 млн. сомдон ашык калган сумманы мыйзамсыз которгон.

Учурда жогоруда аталган адамдар тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Бишкекте КМШ Кеңешинин жыйынына катышуучу мамлекет башчыларын тосуп алуу аземи болду

admin

УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

admin

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт — 29-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий