«Суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын». Садыр Жапаров «сууну сатып жатышат» дегендерге жооп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек берип, өлкөдөгү электр энергия боюнча маалымат берди.

— Энергетика министрлиги быйыл «Токтогул» ГЭСинде суунун топтолуусу төмөн экенин, электроэнергияны үнөмдүү колдонбосок, кооптуу чекке түшүп кетүү коркунучун билдирди. Мындай маалымат чыкканда эле, “сууну сатып жатышат” деген сөздөр тарачу эле. Чыныгы себеби эмнеден улам?

«Биринчиден, «Токтогул» суу сактагычынан суу сатыш мүмкүн эмес. Бул сөз жөн гана түшүнүгү жок же популист адамдардын энергетиктерге жапкан жалаасы деп ойлойм. Ал жерде онлайн камералар орнотулган. Баары түздөн-түз көзөмөлдө турат.

Экинчиден, ким суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын демекчимин. Эгер жолун таап саткан болсо, андай кызматкерлер жазасыз калбайт. Өтө катуу жазасын алат»,- деди ал.

Related posts

Ташиев иш сапары менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына учуп кетти

mediaportalk

Кабмин увеличил стипендии для аспирантов 

mediaportalk

ЖМК: Европа Украинага аскер жөнөтүү планын кыйратып алды

mediaportalk

Комментарий