Мектепте акча чогулткандарга 20 миң сом айып салуу сунушталууда 

Мектептерге ата-энелерден акча чогулткандарга 20 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана укуктук актыларды экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди.

Мектеп жетекчилери, педагогдор, коомдук фонддор жана коммерциялык уюмдар тарабынан мыйзамсыз акча жыйноо же окуучулар менен ата-энелерине моралдык-психикалык басым жасоо учурлары каралууда. Педагогдор акча бербеген окуучулар менен ата-энелерди басынткан окуялар көп кездешет», — деди Ибрагимов.

Ал эми министрликтин Мектептик билим берүү саясаты жана китеп басуу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева төмөнкүлөрдү айтты:

соцтармак колдонуучулары кээ бир мугалимдер сабак учурунда акча чогултуп жатканын айтууда;

тыюу мугалимдер менен директорлорго эле эмес, коммерциялык уюмдарга, коомдук фонддорго, ата-энелер комитеттерине да тиешелүү;

акча чогултуулар тек гана ыктыярдуу болушу керек, «ыктыярдуу мажбурлоо» түрүндө эмес;

Эмгек кодексине ылайык, психологиялык басым кылган жана саламаттыгына зыян келтирген мугалимдер берене менен жумуштан алынат;

эгер акча алып келбегени үчүн окуучуну сабактан чыгарып койгон сыяктуу учур катталса, ата-энелери укук коргоо органдарына арыз жазышы шарт.

Булак : Sputnik.kg

Related posts

Садыр Жапаров «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди (сүрөт)

admin

Өткөн жылы скутер катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаган

admin

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгине 1000ден ашык мажүрүм тал жана көк терек көчөттөрү отургузулду

admin

Комментарий