Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Ардактуу коноктор Жогорку Кеңештин жыйындары өтчү залды көрүп, отурумдардын жүрүшү боюнча маалымат алышты. Төрага Нурланбек Шакиев 85 жылдык тарыхка ээ кыргыз парламенти тууралуу сөз кылып, башкы мыйзам чыгаруу органынын ишиндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө айтып берди.