Москвада «Мега Химки» соода борборунан өрт чыгып, 1 киши каза  болду

Бүгүн, 9-декабрда саат 6:00 чамасында Москва шаарында «Мега Химки» соода борборунан өрт чыгып, 1 киши каза болгону маалымдалууда. Орусиянын басылмалары жазган маалыматка караганда, ал кароолчу болушу ыктымал жана кырсык учурунда качып чыгууга үлгүрбөй калган.

Эки саат ичинде 18 миң чарчы метрлик аянтты өрт каптап, OBI гипермаркетинин имаратынын чатыры кулап түшкөн. Саат 8:25те өрт чектөөгө алынып, имараттын дубалы гана калды.

Өрттүн келип чыгуунун башкы версиясы катары учурда өрт коюу каралып жатат.

Related posts

Камчыбек Ташиев борбор шаарды көчүрүү боюнча оюн билдирди

admin

Жалал-Абадда 5 жаштагы кызды тайкесинин 6 жаштагы баласы тир мылтыгы менен атып алган

admin

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт — 16-январга карата аба ырайы

admin

Комментарий