Нарында 10 жылдыктар жалгыз бой энеге үй белек кылышты

Нарындык 1995-жылы туулган жигиттер мектепти аяктаганына 10 жыл болгонуна карата жалгыз бой энеге үй белек кылышты. Бул тууралуу “Спутник” жазды.

Маалыматка караганда, Мадина Курманалиевага төрт бөлмөлүү үй белек кылышкан.

Келин — эки баланын энеси, улуусунун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Алар буга чейин таякесинин эски үйүндө жашап келишкен.

Саамалыкты улантуу максатында жигиттер «Ынтымак» эстафетасын Нарын шаарында 1996-жылы туулган жаштарга өткөрүп беришкен.

Related posts

Балыкчы-Кочкор унаа жолунун айрым аймактары жабылып жатат

admin

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгы боюнча 15 документ кабыл алынды  

admin

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

admin

Комментарий