«Ну-ка, все вместе!» берүүсүнүн финалисттери Азат Раимбердиев менен Бек Исраилов чогуу ыр аткарышты

«Ну-ка, все вместе!» берүүсүнүн финалисттери Азат Раимбердиев менен Бек Исраилов чогуу ыр аткарышты. Тагыраагы кезинде популярдуу болгон «Smash» дуэтинин «Молитва» ырын ырдашты.

Ырчы мырзалар чогуу аткаруунун үзүндүсүн гана жарыялашып, эгерде жакшы реакция топтосо, анда толугун жарыялай тургандыгын убадалашты.

Азат Раимбердиев «Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алса, Бек Исраилов аталган берүүдө орунга илинбей калганы менен күтүүсүз белек алган.

Related posts

Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

admin

19-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

admin

Комментарий