Окуучулардын күзгү каникулу 6-ноябрда башталат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында күзгү каникул 6-ноябрдан башталарын билдирди.

Тагыраагы, күзгү каникул 6-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, сабактар 13-ноябрдан башталат.

16-августта Билим берүү жана илим министрлигинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын башталышы жана мектептик каникулдарды өткөрүү графиги жөнүндө” № 4882/1 буйругу чыккан.

Related posts

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

admin

Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

admin

Парламент комитети Кемпир-Абаддын суусун биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырды 

admin

Комментарий