Онкология борборунда бөлүм башчы, дарыгер жана медайым кармалды

Дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери тарабынан онкологиялык оорулуулар үчүн дары-дармектерди мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө Улуттук онкология жана гематология борборунун химиотерапия бөлүмүнүн башчысы А.Т., аталган бөлүмдүн дарыгери А.Х. жана улук медайым К.А. дары-дармек каражаттарынын көлөмүн системалуу түрдө эсептен чыгарып, андан кийин жеке тартипте онкологиялык оорулар менен ооруган адамдарга мыйзамсыз сатылган.

Азыркы учурда жогоруда аталган А.Т., А.Х. жана К.А. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Садыр Жапаров Нью-Йоркко иш сапары менен барат

admin

3 округ боюнча 63 миң 842 адам добуш берди

admin

Африкада Кыргызстандын алгачкы элчилиги ачылат

admin

Комментарий