Орусияда ичинде 15 адамы бар аскердик учак кулап түштү. Окуянын видеосу жарыяланды

Орусияда Ил-76 аскердик-транспорттук учагы кулап түшкөнүн Tengrinews.kz билдирди. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, окуя Иваново облусундагы аэродромдон пландуу рейске учуп жатканда болгон. Учакта сегиз экипаж мүчөсү жана жети жүргүнчү болгон.

Кырсыктын себеби моторлордун биринен чыккан өрт экени айтылууда. Окуя болгон жерге Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн башкы командачылыгынан түзүлгөн комиссия учуп кетти. Интернетте учак кырсыгынын кадрлары да пайда болду.

Орус телеграм каналдары каза болгондордун саны 16 киши болушу мүмкүн экенин жазышууда. Бир жүргүнчү катталбаган болушу мүмкүн экенин жазышуда.

https://t.me/rian_ru/234959

Related posts

Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

admin

26-январда Кыргызстанга Шавкат Мирзиеев келет

admin

Бишкекте 32 бүтүрүүчү “Алтын тамга” аттестатын алды

admin

Комментарий