Орусияда жол кырсыгынан 14 мекендешибиз каза болду   

Орусиянын Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, 3 киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.

КР ТИМден кабарлашкандай, окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында КРнын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульяновск районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588+7 977 947 55 80+996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.

Related posts

КР УКМК жетекчилиги менен байланышка жамынып, 1 млн АКШ долларын опузалаган КР жараны кармалды

admin

Бишкектеги 4 айлык наристенин аянычтуу өлүмү. УКМК тергөө жүргүзүп жатат

admin

Жогорку Кеңеште ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланды

admin

Комментарий