Ошто мончонун суу казанынын жарылуу толкунунан коңшу жайгашкан имараттардын айнектери да сынды

Бүгүн, 5-июнда Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасында жайгашкан «Байкөл» мончосунун отказаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыккан. Анда суусу жок от жагылып, жогорку ысыктыкта отказаны жарылган. Жарылуунун толкунунан коңшу жайгашкан айрым имараттардын айнектери да сынды.

Саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, тез арада ыкчамдык менен тилсиз жоо 14:56да толук өчүрүлүлүп, ири өрт чыгууга жол берилген эмес. Ал эми жарылуудан мончодогу жарандар ар кандай жараат алып, “Тез жардам” кызматы менен ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын баарынын ден соолугу туруктуу, врачтарды кеңеши менен үйлөрүнө чыгып кетишти.

Related posts

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

admin

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев көрсөтмөлүү тактикалык-саптык машыгууга катышты

admin

Өзгөндө дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Диана Маматкалилова изделүүдө

admin

Комментарий