Ошто телефон жана дары-дармектерди аткезчилик жол менен ташыган кылмыштуу топ кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында уюлдук телефондорду жана мыйзамсыз баңги заттарды Кыргыз Республикасына мыйзамсыз алып келүү жана Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек арасынын аялуу тилкелери аркылуу Өзбекстан Республикасына алып чыгуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду.

Экономикалык контрабанда фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аймактык бөлүмү менен биргеликте контрабандалык товарларды убактылуу сактоочу жайларда жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргыз Республикасына бажы алымдарын төлөбөстөн жана тиешелүү каттоосуз алынып келинген «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефондор, ошондой эле алып кирүүгө тыюу салынган дары-дармектер алынган.

Кылмыштуу топтун уюштуруучулары жана активдүү катышуучулары — М.А.А., Г.Ж.П. жана М.О.Ш. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Related posts

Садыр Жапаров Куланак ГЭСинин курулушуна старт берди

admin

«Жугунду куйбайт». Ички иштер министри эмне үчүн 11 журналистти кармаганын айтты

admin

Бүгүн троллейбустар саат 11:00гө чейин каттамга чыгышпайт

admin

Комментарий