Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө

VIII Чыгыш экономикалык форуму Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.

Доллар менен эсеп-кысап жүргүзүүгө кирген чектөөдөн улам бардык мамлекеттер эсепти улуттук валютада жүргүзүүнү жана акчаны АКШда эмес, башка жакта сактоо жөнүндө ойлонуп калды. Батыш ишенимден чыкты. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.

«Доллар менен эсептешүүнүн чектелиши эмнеге алып келет? Бардык мамлекеттер өзүнүн эсеп системасын түзүүнү ойлонуп калды. Акчаны АКШда же Европада сактоо керекпи же кереги жокпу, бул мамлекеттердин баалуу кагаздарын алуу пайдалуубу же пайдасызбы деген маселелер да суроо жаратууда», — деди Путин.

Ал ошондой эле мындай чектөөлөрдү киргизип жаткандар ишенимден чыкканын белгиледи.

«Батыш финансылык системаны бузгандыгына байланыштуу тең укуктуу кызматташууну жактаган мамлекеттердин тизмеси узарып бара жатат», — деди өлкө лидери.

VIII Чыгыш экономикалык форуму 2023-жылдын 10-13-сентябрь аралыгында Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.

Related posts

Сокулукта айыл чарбасындагы үч адис жүгөрү өстүрүү боюнча жарышка түшүштү

admin

NYT: АКШдагы мигранттар Трамп убадалаган жапырт депортацияга даярданууда

admin

Ар бири 200 миң сомдук. Жумгалда беш жылкы уурдаган шектүү кармалды

admin

Комментарий