Сокулукта айыл чарбасындагы үч адис жүгөрү өстүрүү боюнча жарышка түшүштү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык Чүй облусунун Сокулук районундагы «Кыргызмамасылтукумзаводунда» жүгөрү себүү боюнча сыноо-таймаш башталды.

Бул таймашта 3 фермер өз тажрыйбаларына таянып, жүгөрүнү сээп, аны өз ыкмаларынын негизинде өстүрүп, түшүмдөрүнүн жыйынтыгын салыштырылат.
Биринчи фермер “Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун” адиси. Ал жерди эски, салттык (жер семирткичтерди колодонуу, арыктан суугаруу) ыкма менен иштетет.
Экинчи адис Корея Республикасынан келген ишкер-дыйкан жүгөрүнүн 3 сортун сээп, Кореяда кеңири колдонгон ыкма менен өстүрөт.
Ал эми үчүнчү адис “Агрохимия” ишканасынын жаш агроном кызматкери. Жаш адис жерди жаңы ыкма менен иштетип, жүгөрүнү өстүрүүдө тамчылатып сугарууну колдонуп, Чүй облусуна ыңгайлашкан жүгөрүнүн сортторун колдонот.
Үч адистин сыноо-таймашы министрликтин тиешелүү адистеринин көзөмөлүндө болуп, анын жыйынтыгы күз мезгилинде белгилүү болот. Ошого жараша жакынкы келечекте жүгөрүнү кайсыл ыкма менен өстүрүү сарамжалдуу жана кирешелүү экендиги аныкталат.

Related posts

Бишкекте 2 унаа сүзүштү. Кесепетинен дагы 3 унаа жабыркады

admin

Ош шаарында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмө-жарманкеси болуп өттү

admin

Уюмда бирдиктүү финансы рыногун түзүү үчүн ЕЭК мүчө мамлекеттер менен системалуу иштерди жүргүзүп жатканы белгиленди.

admin

Комментарий