Путин: тең укуктуу кызматташууга даяр мамлекеттердин саны өсүүдө

VIII Чыгыш экономикалык форуму Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.

Доллар менен эсеп-кысап жүргүзүүгө кирген чектөөдөн улам бардык мамлекеттер эсепти улуттук валютада жүргүзүүнү жана акчаны АКШда эмес, башка жакта сактоо жөнүндө ойлонуп калды. Батыш ишенимден чыкты. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда билдирди.

«Доллар менен эсептешүүнүн чектелиши эмнеге алып келет? Бардык мамлекеттер өзүнүн эсеп системасын түзүүнү ойлонуп калды. Акчаны АКШда же Европада сактоо керекпи же кереги жокпу, бул мамлекеттердин баалуу кагаздарын алуу пайдалуубу же пайдасызбы деген маселелер да суроо жаратууда», — деди Путин.

Ал ошондой эле мындай чектөөлөрдү киргизип жаткандар ишенимден чыкканын белгиледи.

«Батыш финансылык системаны бузгандыгына байланыштуу тең укуктуу кызматташууну жактаган мамлекеттердин тизмеси узарып бара жатат», — деди өлкө лидери.

VIII Чыгыш экономикалык форуму 2023-жылдын 10-13-сентябрь аралыгында Владивостоктогу Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтүп жатат.

Related posts

Жүздөн ашуун өмүрдү алган жардыруу… Садыр Жапаров Ирандын президентине көңүл айтты

admin

Токтогулда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

admin

Дүйнөнү жакшыга өзгөрткөндөр үчүн жаңы кино-сыйлык бериле баштайт

admin

Комментарий