Садыр Жапаров Кытайда өтүп жаткан форумга катышпайт

Президент Садыр Жапаров Кытайда “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында өтүп жаткан эл аралык кызматташтык форумуна катышпайт. Тышкы иштер министрлигинен анын себебин түшүндүрүштү.

Кыргызстан форумга өлкө башчынын графигинин тардыгынан улам катыша албайт. КМШ саммити жыйынтыкталып, алдыда ЕАЭБ жана ШКУ жыйыны, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цяндын расмий иш сапары күтүлүүдө.

Кыргызстандын атынан энергетика министри Таалайбек Ибраев жана Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков тематикалык форумдарга катышат. Иш-чара 17-18-октябрда Пекинде өтөт. Ага 140 мамлекеттин, 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда. Айрым өлкөлөрдүн президенттери да форумга катышуу үчүн барышты.

Related posts

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасы жаңы жылга чейин такталат

admin

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

Кар жаабайт. 4-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий