Салттуу ислам түшүнүгү боюнча жыйын болуп өттү

Бүгүн, 13-февралда, Бишкек шаарында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан “Кыргызстанда салттуу Ислам түшүнүгү: ханафийлик-матуридийлик” аттуу эл аралык конференциясы өткөрүлүүдө.

Аталган иш-чара эл аралык кызматташтыкты күчөтүү, диний чөйрөдөгү актуалдуу маселелер боюнча тажрыйба алмашуу жана салттуу Исламдын баалуулуктарын жайылтуу максатында өткөрүлүп, мамлекеттик кызматкерлер, Борбор Азия өлкөлөрүнөн диний аалымдар, эксперттер жана коомдук ишмерлер катышууда.
Конференциянын жүрүшүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов сөз сүйлөп, соңку жылдары мамлекеттеги бардык тармактарды иретке келтирүү иштери жүрүп жаткандыгын, анын ичинде диний чөйрөдө да тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн, ошондой эле “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзамдын диний уюмдардын ишин жөнгө салуу, жамааттардын башын бириктирүү, диний билим берүү системасын жакшыртуу жана жарандардын диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталгандыгын айтты.
Мындан сырткары ал өз сөзүндө салттуу диндин чыныгы баалуулуктарын туура түшүндүрүү жана тынчтыктын пайдубалын бекемдөө үчүн бардык тараптардын тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Related posts

Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу «жооптуу кызматка» дайындалды

admin

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

УКМК: Панфилов атындагы сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилке мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий