Селекцияда кескиленген келин. Шектүү зордуктоо боюнча 8 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн зордуктоо боюнча мурда козголгон иш боюнча 8 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөт алынган.

2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу Сокулук РИИБге арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу 31-август күнү Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.

Ошондой эле 2023-жылдын 31-январында келин кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген. Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факты боюнча 154-берене (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү шектүү кармалып, айыбы угузулуп, камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто ага карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган, ал өкүмгө нааразы болгон шектүү Чүй облустук сотко даттанган.

Related posts

Кыргызстан боюнча дан эгиндеринин жыйналган аянты 94% түздү

admin

Чүйдө 78 жаштагы аялды сабап, карактап кеткен шектүү кармалды

admin

Нурланбек Шакиев: «Депутаттар да уюшкан кылмыштуулукка каршы жазаларды күчөтүү боюнча тийиштүү ишти алып барат»

admin

Комментарий