Сокулукта 15 жаштагы Азиза 4 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 2007-жылы туулган Галжигитова Азиза Ибраимбаевна дайынсыз болуп, изделип жатат. Ал 5-сентябрда Сокулук айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана кыска. Футболка, жынсы шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, 0312 60-75-67, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңар болот.

Related posts

9-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Чүй облусунда аба 14 градуска чейин жылыйт — 4-январга карата аба ырайы

admin

13-январга карата доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май арзандады

admin

Комментарий