Сокулуктагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген шектүү асынып алды

Бүгүн, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”,— дешти.

Related posts

Жоламан Шаршенбековдун үлпөт тоюнан көз ирмемдер (видео)

admin

Нурланбек Шакиев Монголиянын парламентинин төрагасы менен жолукту (сүрөт)

admin

Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

admin

Комментарий