Бүгүн, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы жаран асынып алды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
“Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттерине баа берилип, күнөөлүлөргө чаралар көрүлөт. Процессулдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт”,— дешти.