Сузактагы кырсык Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды

Кечээ, 2-майда Сузак районунда катталган кырсыкты иликтөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды.

Кечээ, 2-майда Сузакта Портер манас айтууга чогулган 29 баланы сүзүп кеткен. Кийин алардын саны 32ге жеткени маалымдалган. Сузак милициясы бул кырсык боюнча маалымат таратып, Hyundai Porter үлгүсүндөгү автоунаа токтотуп койгон жеринен иш-чара өтүп жаткан учурда кокусунан жылып кетип окуучуларды тебелеп кеткенин билдирген болчу.

Related posts

Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулунун кызматынан бошотулду

admin

Нурсултан Кеңешбеков Иранда өткөн жеңил атлетика боюнча Азиянын чемпиону болду

admin

Лейлекте кыргыз-тажик ортосундагы “Аялдар тынчтык тиреги” аттуу достук иш-чарасы өттү. Сүрөттөр

admin

Комментарий