Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея бүгүн 18-мартта Жапон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын Түштүк Кореянын аскер кызматкерлерине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Бул күнү Түштүк Кореяга иш сапар менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барган. Ал Сеулда үчүнчү Демократия саммитине катышат. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Пхеньянды айыптаган билдирүү таратты.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида да Түндүк Кореянын ракета учурууларын «улам жана көп кайталанып жатат» деп айыптады.

Өткөн аптада АКШ жана Түштүк Корея биргелешкен ири машыгуу өткөрүшкөн. Көп өтпөй Түндүк Корея да машыгуу уюштурган. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун аракетин ага кол салууга даярдык катары баалоодо. Сеул коргоо максатын гана көздөй турганын айтып келет.

Related posts

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү 

admin

Айсулуу Тыныбековага “Нарын даңкы” сыйлыгы тапшырылып, “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды

admin

Бишкекте шаардык мэриянын башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

admin

Комментарий