Түркияда массалык жол кырсык болуп 10 адам каза болду. Буга туман себеп болушу мүмкүн

Түркиянын түндүк-батышында 7 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 10 адам каза болуп, 59 адам жаракат алганын TRT Haber агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, кырсык коюу тумандан улам болушу мүмкүн. Губернатор Яшар Карадениз жабыркагандардын 10 башка ооруканада дарыланып жатканын айтты. «Алдын ала маалымат боюнча жеңил унаа жүк ташуучу унааны сүзгөн. Андан кийин башка унаалар сүзүлгөн. Каза болгондордун айрымдарын унаадан түшүп баратканда башка унаа сүзүп алган болушу мүмкүн. Бирок бул божомол. Териштирүү бүткөндө так айтылат», — деди ал. 

Буга чейин алты айдоочу кармалган. Жабыркаган бир айдоочу ооруканага жаткырылган, дарылангандан кийин кармалат. Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кырсыктын кесепетинен жабыркаган 59 кишинин 8инин абалы оор экенин билдирди.

Related posts

Чолпон-Атада КМШ бажы жетекчилеринин кеңеши 80-отурумга чогулду

admin

Бишкекте кылмыштарды уюштурган Пакистандын жараны кармалды

admin

ТИМ Россиядагы мигранттардын балдары мектепке кирерде тест тапшырарын эскертти

admin

Комментарий