Түркиядагы жер титирөө. Руслан Казакбаев элчилик чогулткан акчаны берди

Элчи Руслан Казакбаев Түркиянын түштүк-чыгышында 2023-жылдын февраль айында болгон жер титирөөдөн жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү максатында элчилик тарабынан демилгеленген кайрымдуулук акциясынын алкагында чогулган акча каражаттарын тапшырды.

Түркиянын Апаат жана чукул абалдарды башкаруу башкармалыгынын башчысы Окай Мемишге чогулган каражаттын которулгандыгын тастыктаган сертификат тапшырылды. Өз кезегинде башкармалыктын башчысы Окай Мемиш кыргыз тарапка жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюуда ыкчам жардам көрсөткөндүгү, тактап айтканда, куткаруучулар тобун жана мобилдүү оорукананы жөнөткөндүгү, гуманитардык жана каржылык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Related posts

Садыр Жапаров Кытайдын Цзинань шаарындагы автобус чыгарган заводго барды 

admin

Тиш дарылатып жатып чарчап калган 3 жашар кыздын жакындары менен министр жолукту

admin

Ырчы Айпери Кулбаева көз жарганын айтып, сүйүнчүлөдү

admin

Комментарий