Токмокто адам өлтүрүү фактысы катталды

Токмокто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-ноябрда саат 19:00 чамасында Токмок ШИИБге кабар түшкөн. Анда 35-40 жаштагы кишинин жансыз денеси үйдүн алдында жатканы айтылган. Маркумдун 1987-жылы туулгандыгы аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жаран кармалган. Тергөөдө аныкталганда, экөө спирт ичимдигин ичип отуруп, уруша кетишкен. Шектүү маркумду өлгүчө сабап, кетип калган. Тергөө уланууда.

Related posts

Бишкектин мэри бүгүн таң атпай шаарды кыдырды

admin

Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

admin

Таластын Жон-Арык айылындагы сарай толугу менен өрттөндү

admin

Комментарий