УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жардамга муктаж Кымбат менен жолугуп, материалдык жардам берди

Бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту.

Кубанычбек кызы Кымбаттын айтуусу боюнча ал 01.01.1996 жылы туулган. Жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. Бала кезинде апасы экоо Бишкекте жана Казахстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок уй-булоого асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011 жылга чейин ата-энеси жок он чакты озу курактуу балдар, кыздар менен чогуу тарбияланган. 2011-2023ж.ж. Казахстанда ар турдуу жумуш кылып иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан (2, 4, 5 жашта). Жолдошунун туберкулёз оорусунун жугуштуу туру менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен, августтун башында жолдошу каза болгон. 

Азыркы маалда Киев жана Уметалиев кочолорунун кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. 

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылды, ошондой эле материалдык жардам көрсөттү.

Related posts

«Ну-ка, все вместе!» берүүсүнүн финалисттери Азат Раимбердиев менен Бек Исраилов чогуу ыр аткарышты

admin

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык бир катар маданият өкүлдөрүнө ыйгарылды 

admin

Караколдун ички жолдорундагы оңдоо иштери тууралуу маалымат

admin

Комментарий