УКМК: Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

КР УКМК ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсү О.А.Ж. тарабынан акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктап, бөгөт койду.

Ал алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана издөөдөн чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын жаранынан 25 000 АКШ долларын талап кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2026-жылдын 17-апрелиндеги токтому менен О.А.Ж.га карата бир ай мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалып алынган.

Азыркы учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Алмаз Кулматов, тарыхчы: Кемпир-Абад маселесинде эмоцияга алдырбай, документтерге таянуу керек

admin

Чүйдө карындашын коргоп, ок чыгарган ага эркиндикке чыкты

admin

Азербайжан Тоолуу Карабахтагы операциясын ийгиликтүү аяктап, суверендүүлүгүн калыбына келтирди, — Ильхам Алиев

admin

Комментарий