УКМК: Профсоюздардын мурдагы жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды

КР УКМК мамлекеттик органдарда, ишканаларда жана уюмдарда системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын кыймылсыз мүлктөрүнө мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын аныктады.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 19-февралда КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө КР Профсоюздар федерациясынын (КР КПФ) билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин мурдагы төрагасы А.Т. жана КР КПФнын “Гвоздика” балдар лагеринин мурдагы директору Б.Б. кармалды. Алар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Красная гвоздика» балдар лагерин жана Ысык-Көл облусундагы «Ак-Суу» эс алуу үйүн мыйзамсыз ээликтен ажыратуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурууга шектелүүдө.

Учурда кармалган адамдарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Ошто Сулайман-Тоодо чыккан өрт өчүрүлдү

admin

Орто-Сай айылында унаа оодарылып, кыз менен жигит жабыркады (видео)

admin

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Комментарий