УКМК: Сокулук районундагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

КР УКМК тарабынан мурда «Аю» холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган, жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 млн. 639 миң болгон «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Белгиленгендей, комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.
«Аю» холдингдин уюштуруучулары жүргүзгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Related posts

Стамбул шаарындагы жардырууга тиешеси бар 22 адам кармалды

admin

Бүгүн 1-класска электрондук каттоо башталды 

admin

Чүйдө мас киши үйгө кирип, аялга бычак сайган. Шектүү кармалды

admin

Комментарий