Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография кабинети ачылды

18-январда Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунда компьютердик томография диагностикалык кабинетинин ачылыш аземи болуп өттү.

Компьютердик томография имараты СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү үчүн Глобалдык фонд тарабынан каржыланган COVID-19 грантын ишке ашыруунун алкагында Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы аркылуу оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, томография аппараты жана тиешелүү эмеректер менен жабдылган. Компьютердик томографтын баасы 407 551 долларды түзөт. Бул 35 миллион 334 миң 702 сом. 34 миң 709 долларга эмерек жана башка керектүү жабдуулар алынган.

Related posts

Бишкекте жол кырсыгынан улам унаа көпүрөдөн түшүп кетти 

admin

Башкы прокуратуранын жанынан бир киши өзүн өрттөөгө аракет кылган. Себеби

admin

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди

admin

Комментарий