«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымында 1 жеңил унааны сел суусу агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон. 2 аял менен жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.

Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, эреке кишинин жансыз денеси табылып, сайдан чыгарылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Related posts

24-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

616 чарчы метр жер тилкеси менен тиричилик үйү мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Баткен: чек ара жаңжалында талкаланган үйлөр толук курулуп бүткөнү айтылды

admin

Комментарий