Вэнс: Киев жеңишке жете албайт, өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн

Жакынкы жылдарда аскердик аракеттер улана турган болсо Киев утуп чыкпайт. Бирок өзөктүк курал колдонулуп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс билдиргенин РИА Новости жазды.

“Азыркы көрүнүш улана бере турган болсо украиндер согушту жеңе албайт. Менимче, айрым маалымат каражаттарында согуш бир нече жыл улана турган болсо орустар туруштук бере албай, украиндер өз аймагын кайтарып алат, баары согушка чейинки абалга келет деген кызыктай пикирлер жаралууда. Бирок бул биз жашап жаткан реалдуулукка такыр дал келбейт”, — деди Вэнс.

Анын пикиринде, эгерде согуштук аракеттер токтобосо, өзөктүк согушка алып келиши мүмкүн.

Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийди катуу сынга алып, анын Крым боюнча билдирүүлөрү Россия менен сүйлөшүүлөргө доо кетирип жатканын белгиледи.

Америкалык лидердин айтымында, Украинадагы абал оор, Зеленский тынчтык орнотуусу керек, болбосо үч жылдан кийин бүтүндөй өлкөнү жоготот.

Related posts

Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

admin

КР УКМК: Бишкекте вебкам-студияларынын тармагын уюштурган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

admin

«Азыркы коомду маалыматсыз элестетүү кыйын». Садыр Жапаровдун басма сөз күнүнө карата куттуктоосу

admin

Комментарий