Визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет өлкөлүк жаран депортацияланды

УКМК мыйзамсыз миграцияга каршы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусундагы Канаттуулар фабрикаларынын биринде визасынын мөөнөтү өтүп кеткендигине карабастан мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан 45 чет өлкөлүк жаранды (анын ичинен 12 Пакистан жана 33 Бангладеш жарандары) аныктады.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп, андан соң Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары депортацияланды. УКМК терс кесепеттерге жол бербөө үчүн жеке жана юридикалык жактарды колдонуудагы миграциялык мыйзамдарды так сактоого чакырат.

Related posts

Бекназаров, Матраимов, Атазов. Президент өзүнүн дарегине айтылган дооматтарга жооп берди

admin

Кара-Суу районунда пара алып жаткан айыл башчысынын орун басары кармалды  

admin

12-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий