Ысык-Көлдө жаран үйүндө карышкыр багып келген

Ысык-Көлдө жаран үйүндө карышкыр багып келген. Анын карышкыры алынып, зоопаркка өткөрүлдү.

Ысык-Көл ОИИБден билдиришкендей, милицияга Ак-Сууда жарандын үйүнө карышкыр багып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жарандын 29 жаштагы Челпек айылынын тургун экени аныкталган. Ал бөлтүрүктү чынжыр менен байлап багып келген.

Аталган факты катталып, жаран бөлтүрүктү кайдан алганы такталып жатат.

Related posts

3-январга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Оштон Ысык-Көлгө аба каттам ачылды

admin

5-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий