Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. Ош облустук китепканасынын жетекчисинин дагы эки небереси ооруканада каза болду

17- июлда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү, экс-депутат Аида Касымалиеванын ата-энеси Ысык-Көлдөгү жол кырсыгында каза тапканы маалымдаган. Жол кырсыгында 68 жаштагы жубайлар менен кошо алардын 9 жаштагы небереси мүрт кеткен.

Кечээ, 18-июлда жол кырсыгынан жабыркап, ооруканага жеткирилген дагы эки небереси каза болгону маалымдалды. Анын бири 9 жаштагы эгиздин түгөйү жана 14 жаштагы өспүрүм кайтыш болду. Унаада жубайлардан тышкары беш бала болгон. Беш баланын баары Аида Касымалиеванын агасы Мыктыбек  Касымалиевдин балдары. 14 жаштагы кыз реанимация оор абалда жатат, ал эми 17 жаштагы өспүрүм палатага которулган.

Экс-депутаттын апасы Бактыгүл Мырзаева 1999-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук китепканасынын директору болуп иштеп келген.

Related posts

Түркияда теракт болуп, бир нече адам каза болду

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

Түркияда сот имаратына кол салган эркек менен аял жок кылынды

admin

Комментарий