Жаан жаайт. 5-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде түнкүсүн Баткен, Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

Күндүз Талас, Баткен, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16 градус.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.

Related posts

Садыр Жапаров Баткен облусундагы чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү

admin

Ошто 18 жаштагы жоокер өзүн-өзү атып каза болду

admin

Лавров россиялык журналисттердин өлтүрүлүшү боюнча үн катты

admin

Комментарий