Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды

Билим берүү тармагындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КР УКМК тарабынан айрым мектептердин директорлору тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу жана пара алуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, Токтогул районунун №4 Н.Бримкулов атындагы орто мектебинин директору Ш.Б.Ж., Сузак районунун №2 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Ю.Г.Р. жана Сузак районундагы №65 А.Юнусов атындагы орто мектебинин директору А.Н.З. «мектептин муктаждыгы үчүн» деген шылтоо менен мугалимдерден мажбурлап акча талап кылуу менен алектенип, системалуу түрдө ишке орноштуруу үчүн пара алып, Россия Федерациясында эмгек миграциясында жүргөн бүтүрүүчүлөргө мыйзамсыз аттестат берүүнү уюштурушкан.

Мындан тышкары, №94 орто мектебинин директору Н.Г.Р. жана Сузак районундагы №4 орто мектебинин директору Ш.Г.Т. мугалимдерден ушул сыяктуу мыйзамсыз опузалоолорду жана коррупциялык схемаларды уюштургандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулган.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында №2 мектептин директору Ю.Г.Р. кармалды; ал мектепте аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу үчүн атайын кызматтын кызматкерине 500 миң сом пара берүүгө аракет кылган.

УКМК билим берүү тармагындагы мыйзамсыз аракеттерди, пара талап кылуу жана башка көрүнүштөрдү аныктоо жана алдын алуу максатында билим берүү мекемелеринде системалуу текшерүүлөрдү улантууда.

Related posts

Сузакта бир нече жолу унаадагы жигитке ок атылган. Шектүү кармалып, кылмыштуу топту колдобой турганын айтты

admin

Түркияда айына 2 миң доллар алган чабандар TikTok жок иштебей жатышат

admin

Акылбек Жапаров: «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар

admin

Комментарий