Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

Кечээ, 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.

Өз кезегинде Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун айтып, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде «Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын» ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Related posts

Шакиев кыргыз парламентинин башка өлкөлөрдүн парламентинен айырмасын айтты

admin

«Тооккананы үй кылып, дайынсыз кеткен кызымдын 5 баласын багам” дейт 65 жаштагы эне

admin

Бишкектин Жаш Гвардия бульварын каптаган суу сордурулуп, унаанын номерлери табылды

admin

Комментарий