«Желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел». Садыр Жапаровдун туунун 30 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзү

«Кандай болгон күндө дагы мындан 30 жыл мурун эл өкүлдөрү талашып-тартышып тактык жараткан талкуудан соң, кабыл алынган мамлекеттик желек тууралуу мыйзамды сыйлашыбыз абзел жана мыйзам үстөмдүгү өкүм сүргөн мамлекет катары бул мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуубуз кажет». Бул тууралуу өткөн жылдын 3-март күнү президент Садыр Жапаров мамлекеттик желектин 30 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарада билдирген.

«Туубузга түшүрүлгөн түндүктүн, андан нуру чачырап турган күндүн элеси көргөндүн көз жоосун гана албастан, терең маанини берерин жаземдебей билебиз. Мамлекеттик символдор өлкөбүздүн баш мыйзамы болгон Конституцияда белгиленип, аларды пайдалануунун тартиби, ыйыктыгы мыйзам менен бекемделиши да тегин жерден эмес. Ага президенттик кызматка киришүү иш-чарасында ыйык тууга баш тийгизип, урмат көргөзүп, элге кызмат кылууга ант берүү салтанаты, өлкө сыртына чыкканда, эл аралык жолугушууларда мамлекеттик желектин илиниши, эл аралык тармактык мелдештердин жеңүүчүлөрүн жарыялоодо өлкөнүн туусунун бийик желбиреши жана башкалар таасын мисал болуп бере алат», — деген ал.

Related posts

«Суу саткан болсо, ал абийирин сатып калсын». Садыр Жапаров «сууну сатып жатышат» дегендерге жооп берди

admin

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

admin

Бишкекте электр жарыгы эмне себептен өчтү? Улуттук энергетикалык холдин жооп берет

admin

Комментарий