Жети-Өгүздө УКМКнын жаңы имаратынын ачылышы болду (сүрөт)

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-августта Кызыл-Суу айылында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Имаратты Камчыбек Ташиев салтанаттуу түрдө ачты. Ачылыш аземге президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими, Башкармалыктын өздүк курамы жана ошондой эле аппараттын кызматкерлери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы имарат кызматкерлер үчүн бардык заманбап талаптарга жооп берген керектүү шарттар менен толук жабдылган. Ташиев кызматкерлерди куттуктап, УКМКнын кызматкерлери мындан ары да республиканын бардык облустарында жана райондорунда өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн шарттар түзүлө берерин белгиледи.

булак:Сереп

Related posts

Кеминдин Боролдой айылы таза суу менен камсыз болду

admin

Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

admin

Бишкектин четинде кулаган тик учакта экипаждын командири каза болду

admin

Комментарий