Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин актады

Жогорку Соттун 4-декабрындагы чечими менен Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Мээрим Тилекова Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 3-бөлүгү, 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш иши боюнча  толугу менен акталган. Бул тууралуу юрист Кайсын Абакиров социалдык тармактагы баракчасына жазды.

УКМК 17-майда Бишкекте министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси, 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын жашаган жери аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилген. Жактоочу Абакиров буга чейин ал Ысык-Көл облустук соту тарабынан акталганын билдирген.

Related posts

Лейлекте унаа сатып алган жаран акчасын бербей из жашырган

admin

“Күрмөнтү цемент” ишканасынын 93,17 пайыз акциясы мамлекетке өттү

admin

Шаарды тегерете жол салуу. ЖКда тыгын маселесин чечүү үчүн сунуштар айтылды

admin

Комментарий