Жолду капиталдык оңдоо: Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 28-майда Байтик Баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Ага ылайык Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабылат. Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И.Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Related posts

Токтогулда сел жүрдү

admin

ӨКМ: Түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

admin

Акылбек Жапаров: «Министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча президенттин да, менин да оюм жок»

admin

Комментарий