Жолду капиталдык оңдоо: Байтик Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бүгүн, 28-майда Байтик Баатыр көчөсүндө жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Ага ылайык Байтик Баатыр көчөсү Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин жабылат. Сүйөркулов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачык болот. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Учурда Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев жана Сүйөркулов көчөсү менен чектелген бөлүгүндө, Ахунбаев көчөсүндө Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгында жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат.

Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И.Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Related posts

КР УКМК: Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 2 чет элдик жаран кармалды

admin

Баткенде мамлекетти коргоо кызматкерлери 100 миң сом пара менен кармалышты

admin

Бишкекте студенттер 5-6-ноябрда аралыктан окушат

admin

Комментарий