Илон Масктын компаниясы адамдын мээсине чип орнотту

Америкалык миллиардер жана ишкер, SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск биринчи адам мээге Neuralink имплантын орнотуу процедурасынан өткөнүн айтты. Бул тууралуу миллиардер X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

«Операциядан кийин калыбына келип жатат»,— деп жазды ал. Масктын айтымында, аппараттын иштеши боюнча алынган биринчи маалыматтар келечектүү жыйынтыктарды көрсөтүүдө.

Эске салсак, 2023-жылдын сентябрында америкалык бизнесмен Илон Масктын нейротехнологиялык компаниясы Neuralink мээ имплантатын имплантациялоо боюнча клиникалык сыноолорго ыктыярчыларды издей баштаган. Neuralink 2016-жылдан бери иштеп келе жатат, анын максаты шал оорусуна кабылган адамдар кайра кыймылдай алышы үчүн мээ жана жүлүн жаракаттарынын кесепеттерин жоюуга жардам бере турган чипти түзүү.

Related posts

Ырчы Алмаз Шаадаев ата статусуна ээ болот

admin

КР УКМК: Куралдуу кол салуунун дагы бир катышуучусу кармалды

admin

Кара-Көл шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды

admin

Комментарий